Президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында жана Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” петроглифтерин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында “Саймалуу-Таш-Санаты» аталышындагы төкмө акындардын республикалык айтышы өттү. Аталган айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинин колдоосу менен Кыргыз улуттук «Манас» театры, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте өткөрүлдү.
Тогуз-Торо райондук Азирет Сыдыков атындагы маданият үйүндө өткөн айтышта тандоодон өткөн 16 акын бүйүр кызыта айтышып, жыйынтыгында төкмө акын Абдылда Нуралиев баш байгени алып, ага саймалуу таштын оюмдары түшүрүлгөн атайын кубок, диплом жана 150 миң сом акчалай сыйлыгы менен, ал эми Азамат Болгонбаев
120 миң сом сыйлыгы менен 1-орун, Тынчтыкбек Эсенбай Уулу 100 миң сом акчалай сыйлыгы менен 2-орун, Темирбек Матыбаев 90 миң сыйлыгы менен 3-орунду алды.
Жалпы байге фонду 1 миллион сом болгон айтышта, жарым финалга чыккан төкмөлөр Баян Акматов, Арген Биймырза Уулу, Асылбек Маратов, Шайлообек Отунчиевдерге 65 миң акчалай сыйлык берилсе, ал эми кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгон Акматбек Султан уулу, Элмирбек Иманалиев, Турат Жумаев, Жамайка Токонова, Жибек Сапар кызы, Амантай Кутманалиев, Максат Кулуев, Тынарбек Бураевдерге диплом жана 35 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Республикалык айтышка 7 адам калыстык кылды. Калыстарга 3-даражадагы Манас орденинин ээси, КРнын эл артисти, композитору Түгөлбай Казаков төрагалык кылды. Ал эми мүчөлөрү: Филология илимдеринин доктору, профессор Кадыралы Коңкобаев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз радиосунун баяндамачысы Чынара Итигулова, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, белгилүү журналист, саясий илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбеков, КРнын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият иниститунунун Манас, фольклор, акындар поэзиясы бөлүмүнүн башчысы, белгилүү айтыш изилдөөчү, филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаева, КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү манасчы Замир Баялиев ал эми калыстар тобунун катчысы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз радиосунун журналисти Жаныбек Эсеналиев болду.
Белгилей кетсек, 6-ноябрда Бишкекте төкмө акындардын “Саймалуу-Таш санаты” аталышындагы республикалык айтышынын тандоо туруна жалпысынан 34 акын катышып, калыстардын чечими менен 16 акын тандалып алынган.
Айтышка колдоо көрсөткөн ЖКнын депутаты Аида Исатбек кызына, жеке ишкер Ишен Бексултановго, «Тогуз-Торо коомдук фондуна», Урмат Токтожумаевге, Майин Алиаскаровго, Тимур Эралиевге Эдил Жусубалиевге, “Макмал Голд” ишканасына, райондук маданият үйүнө жана жалпы Тогуз-Торо элине ыраазычылык билдиребиз.