7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инспектор: Ыйлабасын деп оозуна даарат кагазын тыгып койгон

604

Борбор калаада дагы бир жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кеткен. Кайгуул милициянын кызматкери ымыркайды кантип тапканын айтып берген.

Бала ташталган үйдүн ээси милицияга чалган. Алар 2-3 мүнөттө келип калышкан.

«Ымыркайды баштыкка ороп, оозун байлап коробкага салып коюптур. Пакетти айрып ачсам, бала тоңуп калыптыр, кыймылдабайт. Себеби жамгыр жаап, күн суук болчу. Үй ээсинен шейшеп сурап, ороп алып кеттик. Тез жардам күткөнгө убакыт аз эле. Аябай жамгыр да жаап жаткан. Үй ээси сыртка чыккан жок, ичинде туруп “ушул экен” деп эле берип койду. Биз барганча шейшепке ороп, кургак кармап тургула дегенбиз. Бирок эч нерсе кылбаптыр… Баланын оозуна ыйлабасын деп даарат кагазын тыгып коюптур. Биз аны шашып жатып түндө байкабаппыз», — деди инспектор.

Ал эми наристенин оозуна тыгылган кагазды төрөт үйүнө барганда медиктер көрүп, чыгарышкан.

 

 

605