Үстүбүздөгү жылдын 11 айында “Кумтөр Голд Компани” ишканасы өлкө бюджетине 25 миллиард 35 миллион сом которгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Ал тактагандай:
- Бул көлөмдүн 11 миллиард 853 миллион сому салыктык чегерүүлөргө туура келген;
- Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүү фонддоруна 15 млрд 109 млн сом түшкөн;
- «Кыргызалтын» ААКсына 9 миллиард 652 миллион сом дивиденд катары которулган.