7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Президенттин командасы” кезектеги “Мурас” турниринде жеңишке жетти

578

8-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн футбол боюнча кезектеги “Мурас” достук турнири аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Президенттин командасы” командасы биринчи орунду ээледи. Мелдешке 16 команда катышты.

Мамлекет башчысы турнирдин негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу экенин айтты. Ал спорт ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болушу керектигин баса белгиледи.

 

“Турнир барган сайын жакшырып жатканы кубандырат. Муну командалардын оюнунан да көрүүгө болот”, — деди Садыр Жапаров.

Жеңүүчүлөргө чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Аягында эстеликке сүрөткө түшүштү.

579