7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмүн териштире баштады

493

Башкы прокуратура Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча тийиштүү кызмат адамдарына карата текшерүүнү баштады.

Билдирмеге караганда, текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарынын ишине юридикалык баа берилет.

«31-мекеменин терапия бөлүмүндөгү палатага А.Абдылдаев жалгыз өзү жайгаштырылып, тийиштүү медициналык дарылоодон өтүп жаткан. Алгачкы текшерүүдө аныкталгандай, А.Абдылдаев 2024-жылдын 4-январынын 5-январына караган түнү электрочайнектин зымын (шнур) сүлгүсү менен байлап ашкананын тамактануучу бөлмөсүндө асынып алган. Ал эми, анын асынган абалдагы денеси 5-январда таңкы саат 05:15 чамасында табылган. Ошондой эле, анын денесин кароо жүргүзүү учурунда, маркумдун моюнунда зымдын изинен башка криминалдык күч колдонгон башка жаракаттары бар экендиги аныкталган эмес.

Абдылдаевдин өлүмүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассалогиялык, соттук-психиатриялык жана башка тийиштүү амалдары жүргүзүлүүдө. Жогорудагы жагдайлар боюнча, Башкы прокуратура тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын кыймыл аракеттерине карата юридикалык баа берилет»,-деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, коомчулукта Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Абдылдаевдин каза тапканы 5-январда белгилүү болгон. Жаза аткаруу кызматы ал өз өмүрүнө кол салып көз жумганын айткан.

Абдылдаев узаган жылдын 15-декабрында диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып УКМКнын Чүй облусу боюнча бөлүмү тарабынан камакка алынган.

16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Абдылдаевдин баш коргоо чарасын карап, 15-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган болчу.

28-декабрда психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу Абдылдаев «инсанияттын такталбаган психикалык бузулушу, галлюцинация» деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.

29-декабрда Арстанбек Абдылдаев жүрөгү, башы, ашказаны ооруп, кулагы шуулдап, алсырап жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган.

494