7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерлердин үйүнө каракчылык менен кол салган шектүүлөр кармалды

341

Түп районунда ишкерлерлердин үйүнө каракчылык менен кол салган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 31-декабрында Түп айылында болжол менен саат 05:00дө жергиликтүү тургундун үйүнө баткапчан белгисиз адамдар кирип келип, 39 жаштагы күйөөсү менен 37 жаштагы жубайынын денесине залал келтирип, акча талап кылышкан. Андан кийин кылмышкерлер күйөөсүн байлап, аялынан сейфтин ачкычын алышып, акча, телефон жана башка баалуу буюдарын ээлеп, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр Бишкек шаарынын аймагында кармалды. Кармалган жарандардын бири 1988-жылы туулган Б.Р. жасалма документ жасагандыгы үчүн РФнын аймагында издөөдө жүргөнү жана экинчиси 1987-жылы туулган О.Ф. мурда соттолгон деген маалыматтар бар. Экөө тең Түп районунун тургундары.

Алар Түп РИИБге жеткирилип, соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

342