7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик пикир: Атамбаев, Жээнбеков доорундагы боткону кайра жеп жашагым келбейт

597

БАКТЫГҮЛ ИМАНБЕК кызы: Эмне эле болуп жатасыңар?

Ушул экөө кетип башкасы келсе жыргайбыз деп жатасыңарбы?
Айдан ачык эле көрүнүп турат го кимдер элди калчап, кимдер бийликке жулунуп жаткандыгы…

Башкаңарды билбейм.
Жеке мен, айрыкча, Атамбаев менен Жээнбеков доорундагы боткону кайра жеп жашагым келбейт!
“Бириңдин башыңды бириң жеп жашагыла” деген шарта жашачубуз, таанышың же акчаң болбосо, мамлекеттик бир да мекемеге кирип бир барак справканы жөндөп ала алчу эмеспиз. Унутуп койдуңарбы?
Ак Үйдү кой ары жок акимдер керек болсо коргон тостуруп күзөтчү коюп алышкан болчу.

Ал эле эмес, айыл өкмөттөн тартып, окуу жайлардын баары коргондолуп алышкан эле.
Үйүңөн өрт чыкса ӨКМ дин бир соо унаасы, ооруп тез жардам чакырсаң аларыңдын СССРдан калган унааларынын да соосу жок эле.
Больницага барсаң, чубалжыган кезек.
Тааныш менен кирмей.
Паспорт алам десең очойгон акча.
Права алам десең андан өткөн машакат.
Тирүүмүн, ушу жерде жашайм деген справка 250 сом.

Тыгылган маршруткалар. Тар жолдор.
Веложолдор турмак, жөө басканга тротуар, аллея дегендин жыты да жок.
Чоң жолго чыга жаздаган курулуштар.
Контрабандисттердин коңшулардан ташып келген, мөөнөтү өтүп курттаган продукттарын жечүбүз…
#несахар чыгарып эле жатчу эле го.
Азыр, өзүңөр деле для интереса* текшерсеңер андай товарлар жоголду.
Баткенде ошол учурда эле жаз, күз тажиктер менен суу талашып жаңжалдар чыгып, атышып, үйлөрдү өрттөп кетишчү.
Эч кимиси көңүл бурчу эмес Баткенге.
Ал тургай эсимде бир жалгыз жашаган апанын үйүн тажиктер өрттөп кетип ал апа кошуналарыныкында жашап калган.
Чыкыйган үй куруп бермек түгүл, бийлик көңүл бурбай да койгон.
Бийликке видеокайрылуу жасамак түгүл, үстүнө керосин куюп өзүн өзү өрттөгөн окуялар болгон. Нөл реакция болчу.
Чампалап чала сапат курулган көп кабаттуу үйлөрдүн баары ошол учурда пайда болгон.
Кызыл китеби жок, мыйзамсыз конуштар да ошол учурларда пайда болгон.
Мамлекеттик мекемелер эч качан жаңырчу эмес.
Банктар да огеле кутуруп кеткен эле, эң эле азы 28% болбосо 45% га чейин үстөк кошушчу эмес беле?…
Деги койчу, эл үчүн эч бир шарт түзүлчү эмес…
Болгону, күчтүүлөргө, куйтуларга, чөнтөгү калыңдарга, таанышы барларга чексиз эркиндик берилген эле…
Ал учурда күрөшүп жашачубуз, тытышып жашачубуз.
Бири бирибизди тебелеп жашачубуз.
Алдуулары алсыздардын канын соруп жашачубуз.
“Арыз жазат.” деп коркчу эмеспиз.
Тааныштарыбызга таянчубуз.
Акчабызга таянчубуз.
Президентти…
Министрлерди…
Депутаттарды кой, акимди көрүп калсак сүйүнчү эмес белек?…
Азыр, депутатты, министрди кой Президентти бир кайрылуу менен чакырып алып арыз муңубузду айтып жатабыз го?.
Маселебизди жеринен чечтирип алып жатабыз…
Мурун чындап Бок жеп эле жашачубуз!

Эми…
“Азыр деле ошондой!” дегендер чыгат.
Калп айтпасаңар, азыр эч кандай андай эмес!
Кыйла эле жеңилдели го?.
Эл менен бийлик, түз байланышып калды го?…
Жакшы эле шарттар түзүлүп жатат го?…
Же эмне?
Кайра оо баякы кокуй жашоону эңсеп калдыңарбы?
Кимдер кыйналып жатат азыр?
Ошол илгерки күчтүүлөр кыйналып жатат.
Маселелерин акча менен, тааныштары менен чечкендер кыйналып жатат…
Мыйзамдын “М” сын сактабай жашап көнгөндөр кыйналып жатат….

Жеке МЕН кайра ал жашоого кайрылгым келбейт!
Жеке мен антип кайрадан бок жеп жашагым келбейт!
Оорусам, тааныш издегим келбейт!
Мамлекеттик иш кагазына муктаж болсом, тааныш издегим келбейт!
Салыкчылар корсоңдоп коркутуп койсо, чөнтөктөрүнө тыгып акча бергим келбейт!
Баардыгын, салыштыруу менен таразалаш керек да тобоо…
Одна баба сказала* деп эле ызы чуу чыгара бербей….
Нарыдан бери болгулачы!

ПыСы: Баары укмуш, Коммунизм болуп калды дегенден алысмын албетте…
…ооба, али да чечиле элек көп маселе бар, алар да чечилет чыдап турсак…
САБЫР!

598