7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууларда абал кандай?

493

Бүгүн, 15-мартка карата Кыргызстандын бийик тоолуу ашууларында менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө эртең менен саат 8:20да алынды. Ошондой эле Өтмөк ашуусунда дагы унаа кыймылына чектөө жок.

Транспорт министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат. Ал эми Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда катуу бороон болуп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралды. Азыркы тапта №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Унаа тыгыны жок.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

 

 

494