7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

12 жаштагы кыздын телефонун жана акчасын тартып алган жаран кармалды

1029

Бишкекте тоноого шектүү 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  6-ноябрда 1987-жылы туулган А.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран болжол менен саат 02:30 чамасында арыз ээсинин 2009-жылы туулган Д.Э. аттуу кызынын “Redmi Note 7” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 1700 сом акчасын ачык түрдө тартып алып, качканга аракет кылган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 1998-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаран кармалган.

Бул факты Биринчи май райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды

Учурда шектүүнү Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1030