Кыргыз төкмө акыны Асылбек Маратов Казакстандагы эл аралык айтышта баш байгеге татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эл аралык айтыш кош байге менен өтүп, Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги жана Алматы облусунун акимчилиги уюштурган.
Баш байге — Асылбек Маратов-Жандарбек Булгаков.
1-орун — Азамат Болгонбаев-Айшолпан Тилеүтай кызы.
2-орун — Кубат Тукешов-Мурадым Мирланов.
3-орун — Амантай Кутманалиев-Жалгас Максүтов.
Ошондой эле, кызыктыруучу сыйлыктарды Баян Акматов жана Сырым Ауезхандар алды.
Белгилей кетсек, Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган эл аралык Айтыш-2021 өттү.