Бишкекте тоноого шектүү 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-ноябрда 1987-жылы туулган А.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран болжол менен саат 02:30 чамасында арыз ээсинин 2009-жылы туулган Д.Э. аттуу кызынын “Redmi Note 7” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 1700 сом акчасын ачык түрдө тартып алып, качканга аракет кылган.
Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 1998-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаран кармалган.
Бул факты Биринчи май райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды
Учурда шектүүнү Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.