Тайвандда 13 кабаттуу турак жайда чыккан өрт 50гө жакын кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Гаосюн шаарында тургундардын көбү уктап жаткан маалда өрт биринчи кабаттан башталып, дароо жайылып кеткен. Турак үйдө 100дөн ашуун киши жашап, көбү улгайган адамдар болгон.
Ошондой эле жергиликтүү телеканалдар чукул кырдаалдар кызматтары өрттү өчүрүп, куткаруучулар жашоочуларды үйдөн чыгарып жатышканын көргөзүштү. Тайвандын борбордук кабар агенттиги өрт чалган имарат 40 жыл мурун курулганын билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 60тайы ооруканага жеткирилип, өрт болгон жерге 160 өрт өчүүрүчү барды.
Өрт эртең менен саат жетилерде өчүрүлүп, куткаруучулар аман калгандарды издөөнү улантышты. Кырсыкка эмне себеп болгону учурда иликтенип жатат.