28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууга “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы БШКнын каттоосунан өттү. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы тастыктады.
Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 54 болсо, алардын ичинен 38и (70 %) эркек,16сы аял (30 %) .
“Улуттар Биримдигинен” талапкерлердин тизмесин партия лидери Мелис Мырзакматов жетектейт.
- Ошондой эле тизменин алдыңкы сабына Мырзакматов М. Ж.,
- Медетбеков А. К.,
- Дунларова Ж. К.,
- Эратов С. С.,
- Ладожинская Н. И.,
- Бешимов А. Ж.,
- Ноорузбек Курманбек уулу,
- Каипов Э. С.,
- Ботошев Р. А.,
- Эгембердиева Ж. Э.,
- Асанов Ч. Ж.,
- Акимов Т. К.,
- Сапарбаева Б. К, кирди.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 11-октябрында “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын кезектеги IV съезди болуп өткөн. Съездге өлкөнүн ар аймактарынан келген 100дөн ашуун делегат катышып, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана башка партиянын лидерлери конок катары чакырылган.