Өзбекстандын Сырдарыя облусунун Гүлистан шаарында беш күндүк ымыркайын 5000 долларга сатууга аракет жасаган аял кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Сырдарыя ОИИБинин маалымат кызматы, келин акчаны алып жаткан учурда кармалганын билдирген. Ушул тапта тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак мындан 5 күн алдын Ташкен соту 3 күндүк баласын 18 миң долларга сатууга аракет кылган анжияндык келинди 5 жылга эркинен ажыраткан.