Жол кырсыгынан Ошто 23 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Сууда Кызыл-Кыштак айылында «Гольф-3» үлгүсүндөгү жеңил унаа жана «Вольво» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 1998-жылы туулган М.Н атту эркек адам көз жумду.
Каза болгон адамдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.