7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

13 жаштагы кызды 9 бала зордуктап жүргөн деген окуя боюнча милиция үн катты

602

13 жаштагы кыздын 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн окуя боюнча Чүй облустук милициясы маалымат берди.

23-январда Сокулук РИИБге 1983-жылы туулган аял кайрылган. Анын 2009-жылы туулган кызы 22-январда саат 08:00 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. 11-февралда кыз  Сокулуктагы мейманканадан табылып, милицияга жеткирилген. Кыздын буга чейин да үйүнөн кетип калганы аныкталган. Ага карата экспертиза дайындалган.

Кылмыш жаза кодексинин 157-беренеси (Жашы жете элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. 

«Териштирүү иштеринин алкагында, милицияга айтылган жарандар жеткирилген. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча шектүүлөргө карата юридикалык баа берилет. Аталган факты боюнча РИИБдеги тажрыйбалуу кызматкерлерден топ түзүлүп, иш ИИМдин жетекчилигинин жана ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган. Милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат жана жабырлануучу тараптын «милиция ишти карабай жатат» дегени чындыкка дал келбейт»,- дешти.

 

603