Бишкекте 13 жаштагы Мырзайым Каниметова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу жакындары билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү Мырзайым түштөн кийин үйдөн чыгып кеткен. Акыркы жолу саат 19:00дө телефон аркылуу байланышып, үйдөн алыс эмес экендигин билдирип, жакын арада келе турганын айткан. Андан кийин байланыш үзүлгөн.
Белгилери: бою 155 сантиметр, чачы кара, кыска.
Кийимдери: Ал кара пальто, кара кепка, кара шым, кара өтүк.
Кыздын кара рюкзагында көптөгөн түстүү төш белгилер бар.