13-ноябрда Чүй ОИИББнын Аламүдүн РИББ тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөөчүлөр КРнын “Н.Д.” аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан. 10-ноябрда тергөөчүлөр Бишкек шаарындагы банктардын биринен “Б.К.Н.” аттуу жарандын банк картасы аркылуу “Н.Д.” өкүлү “А.И.” жарандарынан 70 миң сом алышып, 2021-жылдын 12-ноябрында тергөөчү “Г.М.Ш.” жаран “Н.Д.”га карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталган.
«Кармалган Чүй облусунун ИИББнын Аламүдүн РИББ тергөөчүлөрүнүн бири, “Г.М.Ш.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда», — деп берилет маалыматта.