Кытайда 2023-жылында үчүнчү ирээт өткөрүлүп жаткан бүткүл дүйнөлүк башталгыч класстын окуучулары арасында Кытай көпүрөсү аттуу Кытай тили конкурсуна Кыргызстандан Назима Ибрагимова катышты.
Кыргызстандан барган Назима Ибрагимова Бишкек шаарындагы № 2-орто билим берүү мектебинде 7-класста окуйт. Ал кичине кезинен бери кытай тилин эркин сүйлөйт. Ошону менен катар кытайдын маданиятын билгендиктен көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү болгон.
Ал «Кытай көпүрөсү» долбооруна жолдомо алып, Кыргызстандын намысын коргогон.
Белгилей кетсек, ага дүйнөнүн 91 мамлекетинен өспүрүмдөр катышып, өз өлкөсү жана өздөрү тууралуу кыска метраждуу тасма менен айтып беришкен. Мындан сырткары улуттук кийимдери менен маданиятын кошо чагылдырышкан.