7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-венгер кызматташтыгы. Бир катар документтерге кол коюлду

429

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация; 

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Венгриянын Улуттук салык жана бажы администрациясынын ортосунда кадрларды даярдоо жана кесиптик квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгрия Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга кызматташтык программасы;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга STIPENDIUM HUNGARICUM программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

 

430