7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанар Акаев мугалимди ыйлаткан аялды сот жообуна тартууну талап кылды

400

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев мугалимди ыйлаганга чейин жеткирген окуучунун энесине салынган айып аз экенин айтып, аны коомчулуктун алдында кечирим суратуу керектигин билдирди.

“Ал мугалим жумуштан кетти. Ыйлаткан, лакылдаган, ажаан аялга болгону 1000 сом айып салып коюптур. Эмне үчүн коомчулукка алып чыкпадыңар? Мугалимге жаман мамиле кылган ушул аял деп жүзүн көрсөтүш керек эле. Бул Кыргызстандагы 120 миң мугалимге болгон шылдың мамиле. Эмне үчүн мугалимди шылдыңдап, мазактаган адамды болгону миң сом айып менен чыгарып жибердиңер? Аны жазага тартыш керек эле”, — деди ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

401