Нарын дарыясына Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан кызды издөөгө жалпы 27 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Куткаруучулар Жаң-Булак айылын көздөй жана Актал-Чат көпүрөсүнөн Тоголок-Молдо тилкесине чейин издөө иштерин жүргүзүшөт.
Эскерте кетсек, 2-ноябрда Нарын дарыясына 17 жаштагы кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери изделүүдө.