Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында башкы балатынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Балатыны «Тазалык» ишканасынын адистери орнотуп, андан соң «Бишкекжарыктын» кызматкерлери тарабынан кооздоо иши улантылат.
Быйыл жаңы жылдык балаты фонтан комплексинин ортосуна орнотулат. Башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык балатыны орнотуу болжол менен 25 күнгө созулат.