Азыркы учурда кар жаап, жолдорду тазалоо иштери болуп жаткандыгына байланыштуу “Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” көзөмөл өткөрмө жайларынан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына кайрадан чектөөлөр киргизилди.
«Урматтуу айдоочулар жолго чыгаарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, унаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөкө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз»,- дешти ЖКККББнын басма сөз кызматы.