14-17-сентябрь Бишкек шаарында «Кыргызстан- кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» аталышындагы Эл аралык 10- кинофестиваль уюштурулат. Ага КМШ өлкөлөру жана Балкика, Грузия мамлекеттеринин киночулары катышаары күтүлүүдө. Иш чара Эгемендүүлүктүн 30-жылдыгына карата уюштурулат. Бул тууралуу маданият,маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Фестиваль улуттук жана эл аралык конкурстук сынак менен коштолот. Документалдык, анимациялык, эксперименталдык, көркөм жарлар боюнча 500 дөн ашуун жергиликтүү жана эл аралык киночулардын эмгектери келип түшкөн.
Калыстар КШМ жана Грузия, Балтика өлкөлөрүнүн көрүнүктүү киноматографисттери болоору айтылат. Иш чара «манас» кинотеатырнда өтөт.