Экстремисттик материалдарды даярдап, аларды тараткан деген шек менен 1974-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, социалдык түйүндөрдөн «Владимер Вова» деген колдонуучу аныкталган.
Расмий маалымат боюнча, шектүү мурда да экстремисттик материалдарды сактап, таратканы үчүн сот жоопкерчилигине тартылган. Болжолдуу маалымат боюнча, М.М. «Хизб-ут-Тахрир Аль Ислами» экстремисттик уюмунун Чүй облусу боюнча бюросунун жетекчиси — «Маъсул» кызматын ээлеп турган.
Ал убактылуу камакка алынып, тергөөлөр уланып жатат.