Нур-Султанда футбол ойноп жаткан ышкыбоз клубдун спортчулары мушташа кетишти. Бул тууралуу маалыматты казакстандык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 11-сентябрда “Сайран-арена” спорттук аянтында болгон. Футболчулар алгач кайым айтышып, андан кийин чабышып, ал бир аздан кийин массалык мушташка айланып кеткен.
Мушташты арачалап жатып бат эле токтотушкан. Спортчулардын ар кандай жаракат алганы айтылды. Футболчулардын чыры эмнеден келип чыкканы белгисиз.