Ош шаарында кичи автобустарга болгон тариф көтөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү. Ага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар катышты. Анда жүргүнчү ташыган кичи автобустарга болгон жол акысын жогорулатуу маселеси каралды.
Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө күйүүчү май, автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу көпчүлүк айдоочулар линияга чыгуудан баш тартканын билдирди. Ага ылайык жол акысын жогорулатуу зарылчылыгы жаралган.
Шаардык кеңештин депутаттары коомдук транспорттордун абалын жакшыртуу, кичи автобустардын каттамын көбөйтүү, кечки убакытта да каттоосун камсыз кылуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.
Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү менен кичи автобустарга болгон төлөм 15 сомго, кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Ал эми окуучулар үчүн жол кире жогорулаган жок.
Жаңы тариф 1-декабрдан тарта иштеп баштайт.