7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

493

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында КРнын Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралат.

Мындан сырткары, КРнын Улуттук коопсуздугунун концепциясы каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышат:

  • Төраганын орун басары Таалатбек Масадыков;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
  •  Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров;
  •  Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
  • Башкы прокурор Курманкул Зулушев;
  • Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары —Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев;
  • ички иштер министри Улан Ниязбеков;
  •  өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
  • коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Ошондой эле, жыйынга КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өлкө Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар катышат.

Жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир 10-00дө башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

494