7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«15 миң сомдук коляска 4 эсе кымбат жазылган». Министрликтин былыгы

576

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан Пандемия учурунда майыптар коляскаларын жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК пандемия учурунда КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан жогорулатылган баада майыптар коляскасын сатып алуу фактысы аныкталган.

Такталгандай, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан, пандемия учурунда 522 даана майыптар коляскасын 57 миң сомдон сатып алып жалпы суммасы 28 миң 754 миң сомду түзгөн, ал эми майыптар коляскасынын базардагы баасы 15 миң сом болгон.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери өз иш-аракеттери менен мамлекеттик бюджетке 15 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен.

Жогорудагы факт боюнча мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) фактысы боюнча жогорудагы адамдар кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды ныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

577