7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров эмират фондунун жетекчисин кабыл алды

388

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фонддун (БАЭ) башкы директору Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биргелешип кызматташуунун, анын ичинде билим берүү тармагынын келечеги, ошондой эле аталган фонддун Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы аталган фонддун өлкөдөгү социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүгүн канааттануу менен белгиледи.
Ал ошондой эле акыркы мезгилдерде исламдын жаркын идеяларына жамынып алган ар кандай кыймылдар диний экстремизмге үгүттөп, чыныгы исламдын баалуулуктарына шек келтирип, бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө коркунуч туудуруп жаткандыгын баса белгиледи.
Садыр Жапаровдун белгилешинче, диний билимдин сапатын жогорулатуу жана кадрларды академиялык деңгээлде даярдоо жогоруда айтылгандай коркунучтарды алдын алууга жардам берет.

Учурда Кыргызстан үчүн диний билим берүү актуалдуу маселе экендигин жана аны чечүү үчүн комплекстүү иш-чараларды кабыл алуу талап кылынарын баса белгиледи. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы Токмок шаарындагы Ислам академиясынын курулуш долбоорун колдоп бергендиги үчүн Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы фондго ыраазычылыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаров бул долбоор Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча түрткү болоруна бекем ишенерин билдирип, үзүрлүү кызматташууну улантууга кызыкдар экенин айтты.

Фонддун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Амери Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ислам академиясынын курулушу жөнүндө маалымат берди. Академия үчүн Токмок шаарынан 2 гектар жер аянты бөлүнүп берилген жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин балансына алынган.

2020-жылы академиянын пайдубалын түптөө пландалган, бирок коронавирус пандемиясынын айынан долбоорду ишке ашырууну кийинкиге жылдырууга туура келген.
Анын айтымында, бүгүн Токмок шаарында Ислам академиясынын келечектеги имаратынын пайдубалын түптөө аземи болот.

Келечектеги Ислам академиясында 200дөй студент окуй тургандыгы, алардын 150сү магистратура жана докторантура программасы менен окушары болжолдонууда. Ошондой эле даярдоо курсу менен квалификацияны жогорулатуу курсуна 50 орун бөлүнгөн.

Бул жогорку окуу жайда диний сабактарды тереңдетип окутуу камтылган светтик билим берүүгө багытталган магистратура жана докторантура программалары боюнча аралаш билим берүү караштырылууда.

389