7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

15 жашар кызга зомбулук көрсөткөн шектүүнү бошотуу үчүн пара алган тергөөчү кармалды

365

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 2025-жылдын май жана июль айларында Кадамжай районунун аймагында 15 жаштагы кыз бир нече жолу сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерине дуушар болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жабырлануучунун атасы кылмыш фактылары боюнча милицияга кайрылган. Тергөө амалдары Кадамжай РИИБнин тергөө кызматына жүктөлгөн. Бирок, тергөөчү, айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы жана аймактык милиция кызматкери менен ич ара бүтүмгө келишип, 1 000 000 сом пара алуу менен шектүүлөрдү бошотууга макул болгон.

Учурда аталган жарандар кармалып, тиешелүү унааны тинтүү учурунда 200 000 сом акча каражаты табылган. Ал эми тергөөчүнүн иш бөлмөсүнөн жабырлануучу менен арыз ээсинин алгачкы көрсөтмөлөрү өзгөртүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча каршы көрсөтмөлөрдү, тосмо арыздарды камтыган тергөө материалдары алынды.

Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

366