Аткезчилик жол менен жүк ташыган унаа кармалганын УКМКдан билдиришти.
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн күрүч түрүндөгү жалпы салмагы 16 тонна (болжолдуу баасы 2 млн сомго жакын) аткезчилик жүк табылган.
Учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө.