7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан демократияны элита үчүн эмес, эл үчүн курууда. Байсалов The Liberum’ге маек берди

1

Кыргызстан — ачык, динамикалуу жана оптимизмге толгон жаш, заманбап мамлекет. Ондогон жылдар бою ал Борбор Азиянын «демократия аралы» деп аталып келген. Бирок, буга карабастан кыргыз бийлиги жакында никаб кийүүгө тыюу салуу боюнча талаштуу чечим кабыл алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов The Liberum басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде бул чаранын кабыл алынышынын себептерин, анын өлкөнүн демократиялык принциптерине шайкештигин жана Кыргызстандын тышкы жана энергетикалык саясаты келерки жылы кандай болорун түшүндүрүп берди.

Байсаловдун пикири боюнча, акыркы он жылдыкта чет өлкөлөрдөн каржыланган айрым булактар Кыргызстандагы жакырчылыкты пайдаланып, өлкөгө жаңы диний агымдарды жайылтып, бул кээде түшүнбөстүктөрдү жана социалдык чыңалууну жараткан. Ал түшүндүргөндөй, бийликтин саясаты динге каршы багытталган эмес, тескерисинче, Кыргызстандын маданий мурасын, социалдык биримдигин жана Исламдын салттуу формасын коргоого багытталган. Борбор Азиянын бир катар башка өлкөлөрү да өздөрүнүн иденттүүлүгүн жана социалдык тең салмактуулугун сактоо үчүн ушундай кадамдарды жасоодо.

— Россия жана Европа өлкөлөрү эмне үчүн ушундай эле саясатты кабыл алышкан жок деп ойлойсуз?

— Башка өлкөлөрдүн ички саясатына комментарий берүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Ар бир мамлекеттин өзүнүн тарыхы, өзүнүн өзгөчөлүктөрү жана өзүнүн коомдук талкуулары бар. Кээ бирлери расизм же империализм сыяктуу татаал мураска ээ жана ушул призма аркылуу чечмелениши мүмкүн болгон аракеттерден этият болушу мүмкүн. Бирок, мен алардын чечимдерине баа бергим келбейт. Кыргызстандын саясаты биздин тарыхыбызды, маданиятыбызды жана социалдык реалдуулуктарыбызды гана чагылдырат.

— Бийликтин никабга карата саясатынын маданий же диний себептери кандай?

— Кыргызстан дин тутуу эркиндигин терең урматтайт жана гармониялуу, көп улуттуу, көп өкүлчүлүктүү коом экени менен сыймыктанат. Бирок, бизде Исламдын салттуу формасы эч качан Жакынкы Чыгыштын чөлдүү маданияттары менен байланышкан кийимдерди камтыган эмес. Бул кийимдер биздин чөйрөгө туура келбейт, ал ошол аймактагы климатка байланыштуу пайда болгон. Кыргыз аялдары коомдо ар дайым жогорку орунду ээлеп келишкен. Биздин диний салтыбыз сырттан келген кийимди кийүү аркылуу эмес, ачыктыкты, билим берүүнү, толеранттуулукту жана руханий аң-сезимди баалайт.

— Парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстан Борбор Азиядагы демократия аралы бойдон калабы?

— Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиянын уюгу бойдон калаары талашсыз. Биз аймактагы эң алдыңкы шайлоо институттарын түздүк жана биздин парламенттик, президенттик шайлоолор ырааттуу түрдө эркин жана адилеттүү деп бааланат. Адамдар көбүнчө тууган, кошуна же классташ болгон чакан, ынтымактуу жамаат катары биз эч качан борборлоштурулган, автократиялык башкарууга таянбаган көчмөн мурасыбыз менен сыймыктанабыз. Эң негизгиси, Кыргызстан тар элитага гана кызмат кылган системаларды таңуулоо аракеттерине каршылык көрсөтүүнүн бай тарыхына ээ. Биздин эл өз укуктарын, ар-намысын жана демократиялык тандоосун бир нече жолу коргоп келген. Бүгүн президент Садыр Жапаров көптөгөн сынчылардын жаңылганын далилдеди. Анын мандаты жалпы калктын кеңири кызыкчылыктарына негизделген жана натыйжалары өзү эле айтып турат. Биздин ИДП 2022-2023-жылдары 9 пайызга өстү, ал эми жаңы божомолдор 2024-жылы таасирдүү 11,5 пайыз өсүү темпин көрсөтүүдө. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси үч эсеге көбөйдү. Бул билим берүү, саламаттыкты сактоо, жол куруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүү, эмгек акыны жогорулатуу, социалдык жөлөкпулдарды кеңейтүү жана пенсияларды көбөйтүү жаатындагы жалпы улуттук өсүштү колдоп жатат. Кыргызстан өз жарандары сыймыктанган, демократия адамдардын жашоосунда реалдуу жана үзгүлтүксүз жакшыртууларды камсыз кылган өлкө бойдон калууга умтулат.

— Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн алгачкы 30 жылын батыш үлгүсүндөгү парламенттик системаны көчүрүүгө аракет кылуу менен өткөрдү. Азыр өзүнө гана тиешелүү системаны иштеп чыгып жатасыздарбы?

— Контекстти түшүнүү өтө маанилүү. Биз тоталитардык советтик системадан чыгып, ошол кездеги модага айланган неолибералдык ой жүгүртүүгө шыктанган ультра-либерализмге бет алдык. Биз дээрлик бардыгын менчиктештирип, мамлекеттик кызматтарды жоюп, адамдар рыноктун «көрүнбөгөн колуна» таянышы керек деген идеяны кабыл алдык. Бул гүлдөп-өсүүнү алып келген жок. Өлкө жакырланып, өнөр жай жоголуп, толук кийлигишпөө модели туруксуз болуп чыкты. Бүгүн биз тең салмактуулукка умтулабыз. Атаандаштыкка жөндөмдүү дүйнөдө ар бир өлкө дээрлик улуттук корпорациядай иштейт – жана бул узак мөөнөттүү ийгиликке багытталган жоопкерчиликтүү, стратегиялык лидерликти талап кылат. Биз экзотикалык «өзгөчө кыргыз моделин» ойлоп табууга аракет кылбайбыз жана Чыгыштын же Батыштын тажрыйбаларын четке какпайбыз. Биз иштеген нерсеге негизделген гүлдөгөн, туруктуу мамлекетти курууну каалайбыз. Биздин артыбызда калганы – бир нече бай кландар демократиялык институттарды басып алган система. Кыргызстандагы демократия артыкчылыктуу топтун кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек.

— Глобалдык туруксуздук шартында Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясатын улантабы?

— Албетте. Кыргызстандын көп багыттуу тышкы саясатын улантпоосуна эч кандай негиз жок. Биз бардык кошуналарыбыз жана алдыңкы дүйнөлүк державалар менен конструктивдүү мамилелерди сактаган эгемендүү мамлекетпиз. Биздин мамилебиз тынчтык дипломатиясына, БУУнун Уставына жана эл аралык укукка негизделген. Биздин багыт жөнөкөй: элибиз үчүн ийгиликтүү мамлекетти куруунун улуттук кызыкчылыктары. Биз башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишпейбиз жана биздин ишибизге кийлигишүүнү кабыл албайбыз. Ошондуктан, Кыргызстан «бир тарапты тандоосу» керек деген идея биз үчүн такыр кабыл алынгыс. Биз кичинекей мамлекеттердин позициясын бузууга багытталган ар кандай неоимпериалисттик аракеттерди чечкиндүү түрдө четке кагуу менен бардык өнөктөштөр менен кызматташууну жана сооданы улантабыз. Биздин тышкы саясатыбыз прагматикалык, туруктуу жана өнүгүүгө багытталган бойдон кала берет.

— Пекин Бишкектин тышкы саясаттагы негизги өнөктөштөрүнүн бири. Ошентсе да, сиз жакында Кыргызстанда күчөп жаткан Кытайга каршы риторикага тынчсызданууңузду билдирдиңиз. Сиздин оюңузча, мунун артында ким турат?

— Жакында эле социалдык тармактарда активдүүлүктүн өсүшү сырттан козутулган жасалма экени ачык эле көрүнүп калды. Акыркы 30 жылда кыргыз эли биздин улуу коңшубуз Кытайды терең урматтап, баалап келгенин ишенимдүү түрдө айта алам. Бизде ушундай күчтүү жана ынак өнөктөш бар экенине кубанычтабыз. Мурдагы бийликтерди эки тараптуу байланыштарыбыздын потенциалын толук ишке ашыра албай жатат деп сындаган адам катары, мен бул позитивдүү мамиле коомчулукта канчалык кеңири таралганын билем. Өлкө ичиндеги бир нече жоопкерчиликсиз активисттер да жалган патриотизмди саясий максатта колдонууга аракет кылышкан. Алар ийгиликке жеткен жок. Кытайга каршы маанайды козутуу аракеттери ийгиликтүү болбойт. Кыргызстандын Кытай менен өнөктөштүгү бекем, стратегиялык жана келечекке багытталган. Жакынкы он жылдыкта ал он эсеге көбөйөт деп күтөбүз.

— Кыргызстандын Кытай жетектеген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүгү 2026-жылы Бишкекте өтө турган уюмдун саммитинин алдында анын позициясына кандай таасир этти?

— Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмун негиздеген алты өлкөнүн бири болгонуна сыймыктанат. Өткөн жылдар ичинде ШКУ дүйнө калкынын жана экономикалык өндүрүшүнүн олуттуу бөлүгүн түзгөн эң таасирдүү аймактык уюмдардын бирине айланды. Биз ШКУ саммиттерин эки жолу кабыл алганбыз. 2026-жылы биз ШКУ лидерлерин тарыхый датада – 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгында тосуп алабыз. Кыргызстан ШКУ аймагынын так ортосунда жайгашкан. Бул жылы Борбор Азия маанилүү этапты багындырды: Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы чек араларды ийгиликтүү аныктоо жана демаркациялоо, бул Хоженттеги тарыхый келишим менен аяктады. Бул жетишкендик Борбор Азияны тынчтыктын, достуктун жана кызматташтыктын аймагына айлантат. 2026-жылдагы саммитти өткөрүү бизге тездик менен өнүгүп жаткан социалдык-экономикалык прогрессибизди жана жаш, дымактуу улут катары өзүбүздүн ишенимибизди көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. ШКУ чек ара коопсуздугун камсыз кылуу механизми катары башталып, коопсуздук, экономикалык кызматташтык жана маданий дипломатия үчүн күчтүү платформага айланды – көптөгөн өлкөлөр азыр бул абройлуу уюмга кошулууну көздөп жатышат.

— Ошол эле учурда Европа биримдиги стратегиялык маанидеги Борбор Азия аймагында өзүнүн катышуусун бекемдөөгө умтулууда. 27 өлкөдөн турган блок менен кызматташуудан күтүүлөрүңүз кандай?

— Кыргызстан Европа биримдиги менен дагы, анын курмасындагы 27 мүчө-мамлекеттер менен да бекем алакада. Айрыкча Чыгыш Европа, Германия, Франция жана башка өлкөлөр менен байланыштарыбыз терең. Быйыл ЕБ менен комплекстүү жана кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол койдук. Ошондой эле экспортубуздун өсүшүн колдогон Жалпы преференциялар тутуму плюс (GSP+) артыкчылыктарын колдонобуз. Биз билим берүү, технология, инновациялар жана ЕБ эмгек рынокторуна жетүү жаатында кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатабыз. Жаштардын Европада иштөө жана окуу мүмкүнчүлүктөрү алардын заманбап көндүмдөрдү алуусуна жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн кайтып келүүсүнө жардам берет. Борбор Азия ар дайым Чыгыш менен Батыштын ортосундагы табигый жол кесилиши болуп келген. Кошуналарыбыз менен бирге ЕБ менен өнөктөштүктө бул ролду тереңдетүүнү көздөйбүз.

— Кыргызстандагы электр жарыгынын мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учурап турганын эске алганда өлкө Борбор Азия менен Европаны Түштүк Кавказ аркылуу байланыштырган Европанын жашыл энергетикалык коридорун түзүүгө кандай салым кошо алат?

— Мен биздин электр энергиябыз Европага экспорттолот дегенге бир аз ишенбейм – бул маршрут биздин айрым кошуналарыбыз үчүн актуалдуурак. Биздин ички жана аймактык суроо-талап жогору. Кыргызстандагы учурдагы электр энергиясынын тартыштыгы ондогон жылдар бою жетишсиз инвестициянын жана күчтүү экономикалык өсүшкө байланыштуу керектөөнүн кескин өсүшүнүн натыйжасы. Бирок, биз азыр бул көйгөйдү чечкиндүү түрдө чечип жатабыз. Кошумча жүздөгөн гидро, күн жана шамал энергетикалык долбоорлору менен колдоого алынган «Камбар-Ата-1 ГЭС» ири долбоорун баштадык. Биз электр энергиясынын тартыштыгын эки жылдын ичинде жоюп, беш жылдын ичинде өндүрүү кубаттуулугубузду эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатабыз. Кыргызстан толугу менен жеткиликтүү жашыл гидроэнергетикада иштеген мега-дата борборлору үчүн глобалдык борбор болууну көздөйт.

Жасалма интеллект доору көмүртексиз чоң көлөмдөгү электр энергиясын талап кылат жана биз аны камсыз кылуу үчүн идеалдуу абалдабыз. Ошондой эле алюминий өндүрүү жана башка кошумча нарктуу өндүрүштөр сыяктуу энергияны көп талап кылган тармактарды электр энергиясы менен камсыз кылабыз. Ошондой эле дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген конокторду жылуу тосуп алабыз. Мен The Liberum окурмандарынын көбү келерки жылы биздин өлкөгө саякаттап келүү мүмкүнчүлүгүн колдонушат деп үмүттөнөм.

2