7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

18 жаштагы каза болгон аскердин эжеси: «Ичин жарып, тигип коюшкан. Оозу скотчтолгон…»

1056

Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болгонун бүгүн, 10-ноябрда аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, жигит ашказанынан кан кеткенине байланыштуу каза болгон.

Ал эми, аскердин бир тууган эжеси инисинин кеткенине 1,5 ай болгондугун билдирген.

«Иним Таалай уулу Айжигит 18 жашта болчу. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ташарык айылынан. Аскерге кеткенине 1,5 ай болгон. Өз каалоосу менен кеткен. Бүгүн сөөгүн карматып коюшту. Айдаркенге бөлүнгөн экен. Түндө ата-энесине «уулуңардын дене табы көтөрүлүп жатат» дешкен. Ойлорунда эч нерсе жок барышкан. Көрсө, жансыз денеси өлүкканада экен. Ичин жарып, тигип коюшкан. Оозу скотчтолгон. Скотчту алганда эле оозунан кан атып чыгыптыр. Боорун эзип койгон деп жатышат. Денесинде таза жери жок, капкара. Башы жарылган. Өлүкканадагылар ичин мойнуна чейин кесишиптир. Ата-энесине сөөктү карматып, доом жок деп кол койдуруп алышыптыр. Ошол жактын чоңдору тажияга азык-түлүк көтөрүп келишиптир. Жүрөгү ооруп каза болду дешти. Карапайым элдин балдары ушинтип эле өлө береби», — деп бир тууган эжеси Сереп Медиа маалымат агенттигине кайрылып, маалымат берген.

Эскерте кетсек, учурда бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1057