7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

19 жаштагы футболчу Ааламбек Абылкасымов жол кырсыктан каза тапты

984

Кыргызстандын 16 жашка чейинки жаштар курамасынын, «Илбирс» жана «Абдыш-Ата» футболдук клубдарынын экс-чабуулчусу 19 жаштагы Ааламбек Абылкасымов мезгилсиз дүйнө салды.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, ал каргашалуу жол кырсыгынан каза болду.

Ааламбек Абылкасымов 2019-жылы U-16 Азия Кубогунун тандоо оюндарында Ливандын курама командасынын дарбазасына 41-мүнөттө алмаштыруу менен чыгып, 2 гол киргизип, 0:2 эсебинде улуттук курама команданын жеңишин камсыздаган эле.

Ал «Илбирстин» курамында 2021-жылдын 16-мартында премьер-Лигада дебют жасаган. Жалпысынан ал 12 оюн өткөрүп, 2 гол киргизип, 1 пас берген. 2023-жылы «Абдыш-Ата-2» клубунда ойноп жүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

985