7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2 баласын тилемчиликке мажбурлаган аялдын балдары мамлекетке алынды

536

Ошто эки баласын күндө тилемчиликке жумшаган эненин эки баласын мамлекет өз карамагына алды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан маалымдады.

Ош ШИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 8 жана 11 жаштардагы эки бала шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын алдынан жана анын ичине чейин кирип кайыр сурап жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат алышып, текшерүүгө алышкан.
Өспүрүмдөрдүн айтымында, апасы аларды күндө таӊдан кечке чейин кайыр сураганга мажбурлаган.

Күндө бир жарым миң сом тапкыла деп план коюп бергендигин, аны таппаса кечинде урушаарын айтып беришкен. «Апабыз Надира деген аяш энебизге 80 миӊ сом карыз. Аяш энем күндө акчасын сурайт. Аз акча таап келсек апабыз дагы, аяш энебиз дагы урушат. Ашканаларга, үйлөрдүн эшиктерин каккылап акча сурайбыз. Биздин тапкан акчага жашайбыз, квартирабыздын акчасын төлөшөт, аяш энем менен апам иштешпейт”,- деп айтып берген өспүрүмдөр.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери социалдык жактан коргоо кызматы менен биргеликте иш алып барышып, эки өспүрүм теӊ мамлекеттин карамагына алынды. Ал эми апасы жана аяш энесинин үстүнөн «жашы жетелекти коомго каршы аракеттерге тартуу» менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

537