7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«2 жашка чейинки балдардын колуна уюлдук телефондор берилбеши керек…» Гаджеттердин зыяны

786

Азыркы учурда ар бир адамга телефонсуз жашоону элестетүү кыйын… Мурда жаш балдардын балалыгы телефонсуз ар кандай кыймылдуу оюндар менен өтүп келсе, ал эми учурда телефонду тиктөө менен гана өткөрүп келишет…

Ал аз келгенсип, бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-энелер жашы жете элек наристелерине телефон карматып, алаксытуучу буюм катары пайдаланышууда… Төмөндө балдар үчүн гаджеттердин канчалык зыян экенин билип алыңыз…

Гаджеттердин балдар үчүн пайдасы:

Ооба, замандын талабына жараша азыркы учурда ким гана болбосун гаджеттерди колдонууну билиши керек. Анткени азыркы учурда дүйнө дээрлик бардыгы компьютерлештирилген. Ошондой эле интернетте балдарга логиканы, эс тутумду өнүктүрүүгө, ар кандай мектеп предметтерин өтө эрте жашынан үйрөнүүгө жардам берген көптөгөн билим берүүчү тиркемелер, жогорку сапаттагы оюндар бар. Бирок, эгерде сиздин балаңыз заманбап технологиялардын чыныгы күйөрманы болуп калса (албетте, бул көз карандылыкка айланып кетпесе), анда бул ал үчүн абдан тез өнүгүп жаткан IT индустриясына жол болуп калышы мүмкүн. Бул жерде негизги маселе балаңыз уюлдук телефонду өзүнө пайда алып келүүчү гана жактарын карап жатабы же андан тышкары ар кандай оюндарга берилип убактысын өткөрүп, ден-соолугуна терс таасирин алып келип жатабы?! Бул учурда өтө олутту көйгөйлөрдүн бири болуп бара жаткандай…

Балдар үчүн гаджеттердин зыяны

1.Сүйлөө речи өнүкпөй калат. 
Адам төрөлгөндөн баштап эле артикуляция органдары үндөрдү айтууга даяр болсо да, алардын өнүгүшү убакытты, ошондой эле шарттарды талап кылат. Баланын сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн алгачкы үч жыл маанилүү. Демек, бала менен баарлашуу түрүндөгү курчап турган дүйнөнү, чоңдор эмне жөнүндө айтып жатканын жана алардын жооп кайтаруу каалоосу гана кептин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Бирок гаджеттер менен эрте таанышуу кептин өнүгүшүн жайлатат, ошондой эле келечекте адамдар менен байланыш көйгөйлөрүн жаратат.

2. Балдардын коомго арлашуусуна чоң таасир тийгизет
Эгерде бала гаджеттерге өтө көп убакыт коротсо, ой жүгүртүүсү чектелип өнүкпөй калат да, эл менен аралашуусу кыйындайт.

3. Эс-тутумуна терс таасирин тийгизүү коркунучу бар
Кичинекейинен гаджеттерди колдонгон балдар текстти укканда, сөздөрдү сүйлөмгө байланыштырганда, окуянын маанисин түшүнгөндө мурунку фразаны эс тутумунда сактап калуу кыйынга турат. Алар кыска сүйлөмдөрдү түшүнүшөт, бирок тексттин маңызын терең түшүнө албай калышат дагы окууга болгон кызыгуусу жоголот.

4. Көзүнүн көрүүсү начарлайт
Экрандагы көп оюндар көздүн булчуңдарынын туура эмес иштешине алып келет.

5. Бат кыжырлана баштайт
Заманбап гаджеттердин электромагниттик нурлануусу балдардын жетиле элек нерв системасына терс таасирин тийгизет.

Ошондой эле, уйку бези начарлайт, моюн омурткалар кыйшаят, жана баш оору пайда болуусу мүмкүн.

Бала гаджеттерди канча убакытка чейин колдоно алат?
Педиатрлардын, невропатологдордун, психологдордун ар кандай курактагы балдар гаджеттерге өткөрө турган убактысы боюнча сунуштары төмөнкүдөй:

2 жашка чейинки балдардын колуна гаджеттер берилбеши керек;
3-4 жаштагы балдар — күнүнө 30-40 мүнөт;
5-6 жаштагы балдар — күнүнө 1 саат;
7-9 жаштагы балдар — күнүнө 1,5 саат;
10-13 жаштагы балдар — күнүнө 2 саат;
14-16 жаштагы балдарга гаджеттерди күнүнө 3 саатка чейин колдонууга уруксат берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

787