Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын жеңип алды.
Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалында болгариялык Биляна Дудова менен күрөшүп, ал атаандашын 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.
Белгилей кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.