7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

20 миң сомун алыш үчүн жубайлардын бирин өлтүрүп, бирин соттотушканбы?

593

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарын шаарындагы тергөө абагына барды. Акыйкатчы камераларга тандап кирип кармоо шарттары менен таанышты. Камалгандар кармоо шарттарына арызданышкан жок, бирок сот жыйындарынын маалында алардын укуктарын коргоону өтүнүштү.

Акыйкатчы соттолгон адам менен маектешти. Ал адам жубайын өлтүрбөсө дагы, аны киши өлтүрүүгө айыптап соттошконун айтып, укугун коргоп берүүнү өтүндү.

Анын айтымында, айылдаштары 20 миң сом акчасын алыш үчүн аны жарадар кылышып, андан кийин анын аялын өлтүрүшкөн.

“Алар мени күнөөлүү кылып салышты. Милиция кызматкерлери менин көрсөтмөлөрүмдү угушкан жок. Мен өзүмдүн аялымды өлтүрүп жана өзүмдү кантип бычак менен сайгыламак элем”, — деп арызданды соттолгон адам. Акыйкатчы аталган адамдын кейсин жеке көзөмөлүнө алды.

Андан соң, акыйкатчы өмүр бою эркинен ажыратылган, 2005-жылдан бери аталган мекемеде кармалып жаткан жарандын кармоо шарты менен таанышты.

Ал паспорт алууга колдоо көрсөтүүнү өтүндү. Тергөө абагынын кызматкерлеринин маалыматына таянсак, аталган жарандын туулгандыгы тууралуу да күбөлүгү жок, буга байланыштуу паспорт берүү жагында кыйынчылыктар келип чыгууда. Соттолгон адам Акыйкатчыга ага дары керек экенин айтып даттанды. Акыйкатчы тергөө абагынын кызматкерлерин улуттук мыйзамдарга ылайык, камалгандардын укуктарын камсыздоого чакырды.

 

594