7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучулар менен студенттер качан каникулга тараары айтылды

7115

2020-2021-окуу жылына карата билим берүү ушул жылдын 25-майында аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2020-2021-окуу жылын уюшкандыкта аяктоо, ошондой эле пандемия маалында бүтүрүүчүлөрдүн саламаттыгын жана коопсуздугун сактоо максатында тиешелүү буйрук чыгарды.

Ошондой эле, 2020-2021-окуу жылы үчүн Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация ушул жылдын 2-июнунан 13-июнуна чейин Билим берүү министрлигинин 2020-жылдын 11-майындагы №361/1 буйругу менен бекитилген убактылуу жобого ылайык өткөрүлөт.

ЖМА ар бир жалпы билим берүү уюмунун окуу планына ылайык мектептин предметтик комиссиялары тарабынан жүргүзүлɵт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7116