7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2020-жылы чектеш өлкөлөр менен 12 чек ара жаңжалы катталган

494

2020-жылы Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чек араларында 12 жаңжал катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасында тогуз, кыргыз-өзбек чек арасында үч жаңжал болгон.

Ошол эле маалда Чек ара кызматы 2020-жылдагы мамлекеттик чек арадагы абалды туруктуу деп баалады.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырым. Анын ичинен 519 чакырымы делимитация жана демаркациядан өтүп, калган бөлүгү тактала элек.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаш аймак бар. Чек аранын тактала элек бөлүктөрүндө жайыт, жер жана сугат суу талашынан улам жергиликтүү тургундар менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын ортосунда чыр-чатактар көп катталып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

495