7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2021-жылдан тарта байланыш операторлорунун тарифи 1 сомго чейин төмөндөйт

211

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен телекоммуникация тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү .«Телекоммуникациялык технологиялар экономикалык өнүгүүнүн негизги драйвери болуп саналат жана байланыш операторлорунун кызматтарынын сапаттуу өнүгүшү телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын жогорулашынын фонунда өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү күндө интернет жана байланыш жарандардын да, жалпы өлкөнүн да жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз тармактын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек, анын ичинде бүткүл республика боюнча телекоммуникация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү, ошондой эле бешинчи муундагы (5G) уюлдук байланышты жайылтуу шарт», — деди вице-премьер-министр.

Биз керек, анын ичинде бүткүл республика боюнча телекоммуникация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү, ошондой эле бешинчи муундагы (5G) уюлдук байланышты жайылтуу шарт

Равшанбек Сабиров белгилегендей, бүгүнкү күндө телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын өсүшү радиожыштык ресурстарын керектөөнүн көбөйүшүнөн байкалат жана өз кезегинде анын тартыштыгына алып келет. Бул ресурсту туура жана рационалдуу пайдалануу менен гана телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө жетише алабыз. 

«Бүгүнкү күндө радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялары бар компаниялар келишимдик негизде үчүнчү юридикалык жактарга берүү практикасын жүзөгө ашырып келүүдө, ошол эле учурда алар өзүлөрүнүн тармактарын өнүктүрбөй, чектелген ресурсту гана «карманып» жүргөнү эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан бардык операторлорду радиожыштык ресурстарын натыйжалуу пайдаланууда.
Ошондуктан бардык байланыш операторлорун радиожыштык ресурсун белгиленген стандарттарга ылайык натыйжалуу пайдаланууга чакырам», — деди вице-премьер-министр.

Ошондуктан бардык операторлорду радиожыштык ресурстарын натыйжалуу пайдаланууда

Өкмөт тарабынан ар кандай байланыш операторлорунун (интерконнект) ортосундагы туташуу үчүн тарифтик ставканы төмөндөтүү ырааттуулугу аныкталгандыгы белгиленди. 3,5 сом болгон тариф 2021-жылдан баштап 1 сомго чейин төмөндөйт.
Жыйындын жүрүшүндө телекоммуникация тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Тармактык компаниялардын өкүлдөрү чечүүнү талап кылган бир катар маселелерди көтөрүштү.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө дайыма даяр экенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

212