7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2022-жыл “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыяланды

3226

Бириккен улуттар уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялады. Бул туралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү резолюция 2021-жылы 16-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында кабыл алынды.

“Резолюциянын долбоорун кароонун алдында аны тааныштыруу үчүн кыргыз тарапка сөз берилген. КРнын Нью-Йорктогу дипмиссиясы жогорку трибунадан сөз сүйлөп жатып, 2022-жылды тоолор жылы деп жарыялоо ушул жылдын сентябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында Садыр Жапаров тарабынан айтылганы тууралуу билдирди. Ал 2002-жылы биринчи дүйнөлүк Бишкек Тоо саммитинин 20 жылдыгын белгилөө максатында демилгеленген”, — деп айтылат маалыматта.

Такталгандай, резолюция БУУга мүчө өлкөлөргө, тутумдун уюмдарына, башка эл аралык уюмдарга жана кызыктар тараптарга, анын ичинде жарандык коомго, жеке тармактарга жана илимий чөйрөнү тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн Эл аралык жылды тийиштүү деңгээлде белгилөөгө жана тоо экосистемаларын сактоо жана туруктуу пайдаланууга чакырат.

“Үстүбүздөгү жылы бул КРнын демилгеси боюнча кабыл алынган тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган үчүнчү резолюция болуп калды. 16-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында “Жаратылыш чек араны билбейт…” деп аталган биринчи резолюция кабыл алынган, ал эми экинчиси — 23-ноябрда ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын алкагында “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөөнү күчөтүү” кабыл алынган”, — деп түшүндүрдү тышкы саясий ведомстводон.

Ошондой эле ТИМден Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы тууралуу резолюция БУУга мүчө бардык өлкөлөр тарабынан бир добуштан колдоого алынды. Мындан тышкары, 93 мамлекет аталган документти колдогон.

Ошентип, бул резолюцияны ишке ашыруунун алкагында Тышкы иштер министрлиги келерки жылы БУУнун 2023-2027-жылдарга чейинки мезгилге “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерин” кабыл алуу боюнча КРнын демилгесин көтөрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3227