7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Жапаров Жанар Акаев боюнча үн катты

1534

«Ар кандай саясий маселелерге байланыштуу ушак сөздөргө көңүл бурбай, жооп бербей эле коёюн дедим эле. Бирок айрым учурларда жооп бербесең, калктын калың катмары мындай чындыкка коошпогон кептерден күмөн санап, айрымдары болсо ишенип алышат экен», — дейт өлкө башчы Садыр Жапаров. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Айлана-чөйрөмдөгүлөр “жооп бербей эле коюңуз, буларга жооп бериш сиздин деңгээл эмес” деп чыгышат. Мен жалпы элге мурдагылардын катасын кайталабайм деп сөз бергем. Мурдагылар айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн сөздөрүнө кирип жүрүшүп, «чын эле менин деңгээлим эмес» деп, коомчулукта чуу жараткан маселелерге жооп да бербей, түшүндүрмө да бербей келишип, акыры калктын калың катмарынын нааразычылыгына кабылышты. Жыйынтыгында үч жолу ыңкылап болду.

Эми кечээги Жанар Акаевге байланыштуу маселе боюнча. Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо. Тескерисинче, БШКнын төрайымы Н.Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып, “президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди”, — дешиптир. Мен Н. Шайлдабековага “бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин”, — дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын.

Биз шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпедик. Мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт баштары менен жооп беришет. Башынан эле ушундай талап коюп келе жатам.

Ал эми Токтобүбү Оргалча боюнча. Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканы билдик. Токтобүбү айымды Айгүл Жапаровна эмес, атасы да тааныбайт. Мурда «Эл Үмүтү» партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми «Альянс» партиясына чаптайсыңарбы? «Альянс» партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү?

Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар – жетим- жесирлерге жардам берүү.

Мындан ары ушундай ушактардан алыс болушуңуздарды суранамын. Эң кызыгы бир ай бою жетелешип алып, эл кыдырып, бири-бириңерди оозуңар талганча мактап жүрүп, анан эми бүгүн кайра “шпион, уйгур, четтен келген” деп жамандап калганыңар Кудайга да жакпайт.

Ал эми аялдардын квоталары боюнча. Баарыңар эсеп-чотту жакшы билесиңер. Комиссия түзүп барып БШК менен биргеликте санап чыккыла. Мыйзам боюнча 30 пайыздан кем эмес аял болуш керек деп турат. Эгер 30 пайыздан ашып кетип, анан эле БШК Жанардын мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарып жаткан болсо, анда иш козгоп, жоопко тарталы», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1535