Заманбап дүйнөдө айымдар барган сайын жалгыз саякатка чыгышууда. Ал эми саякаттоодо башкы нерсе — коопсуздук. Бул макалада чет өлкөдө эс алуу учурунда өздөрүн корголгон, коопсуз сезе турган өлкөлөргө сереп салабыз. Tengritravel.kz жана Aviata.kz аялдар үчүн эксклюзивдүү жана ыңгайлуу саякат кылуу үчүн меймандостук, маданият жана коопсуздукту бириктирген дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүн аташты.
Алар: Испания, Норвегия, Нидерланды, Ирландия, Австрия, Словения, Швейцария, Бельгия, Португалия, Швеция, Германия, Япония, Польша жана Улуу Британия.
Аталган өлкөлөрдө аялдардын укуктары корголгондугу жана коопсуз өлкө экендинен улам, саякат үчүн дагы эң коопсуз аймактар болуп эсептелээри айтылат.