7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2025-жылы Кыргызстан үч маанилүү уюмга төрагалык кылат

751

2025-жылы Кыргызстан үч маанилүү уюмга төрагалык кылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрликтин жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында билдирди.

Кулубаев белгилегендей, 2025-жыл ар кандай маанилүү окуялар менен активдүү жана окуяларга бай болот. Келерки жыл: Эл аралык диалог, кызматташтык жана коопсуздук деген ураан астында өтөт.

«Кийинки жылы Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ), Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) төрагалык кылат. Бул биз төрагалык кыла турган үч маанилүү уюм. Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча иш алып барууда», — деди Кулубаев.

 

752