7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

23-август аза күтүү күнү деп жарыяланды

671

Президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык,  Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгынан каза болгондорду эскерип,
Кыргызстанда 23-август жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, өлкө башчысы кайрылуу жасап, аталган окуя президенттин жеке көзөмөлүндө экендигин айтып, каза болгондордун жакындарына жана жалпы кыргыз элине көңүл айтты.

Эске салсак, кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып расмий маалымат боюнча 16 адам каза болгон. Алардын 14ү кыргыз жарандары. Дагы 3 кыргыз жараны ооруканага жаткырылып, алардын абалы белгисиз бойдон калууда.

Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган кыргыз жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

672