7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

23-февралда айымдар мырзаларга кандай белек берсе болот?

920

Эртең, 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнү. Бул күнү мырзалардын майрамы катары эсептелип, көптөгөн айымдар жакындарына эмне белек берсем деп ойлонушат. Эң алгач, ал адам сизге ким болоорун аныктап алуу дагы маанилүү. Тууганыңызбы, кесиптешиңизби же сүйүктүңүзбү айтор, анын жаш өзгөчүлүгүнө ылайык тандасаңыз жаңылышпайсыз. Эсиңиздерде болсун, белек сөзсүз кымбат болушу керек эмес. Капчыгыңыздагы болгон акчага жараша дагы эң сонун белек ала аласыз, болгону сиздин табитиңизден көз каранды. Жакындарыңызга өзгөчө, оригиналдуу белек берейин деп билбей жатсаңыз, биз сунуш кылган белектерди дагы карап көрүңүз.

Парфюмерия:

 

Баналдуу көрүнгөнү менен, бул белек эркектердин көбүнө жагат. Жыпар жыттуу атыр белек кылсаңыз, ар дайым өзүн жагымдуу сезип турат. Негизи эле, мырзаларга атыр тандаш абдан оор. Эгерде кандай түрүн тандайм деп турсаңыз компаниясына сертификат берсеңиз да болот.

 

 

Аксессуар:

 

Бул белек көпчүлүк учурда мырзалардын жанында жүрөт. Замандын талабына ылайык, уюлдук телефондун «чехолуна» сүйүктүүңүздүн сүрөтү менен же болбосо, ал жакшы көргөн тасмадагы каармандын сүрөтүн түшүрүп берсеңиз дагы жагымдуу сезим тартуулайт.

 

 

Жолдомо:

Мырзалардын көпчүлүгү спортсуз жашоосун элестете албайт. Андыктан лыжа тебүүчү жайга, спорт залга, бассейнге жана башка жолдомо алып берсениз бул дагы өзгөчө белек болот. Белек берүүдө жакын адамыңыздын кызматын жана хоббисин эске алыңыз.

Портмоне:

 

Өзүңүз жакшы билгендей, бул белекти мырзалар ар дайым жанында алып жүргөндүктөн өтө керек болот. Ошондой эле азыркы заманбап жасалгалар менен өзүнүн атын жаздырып берсеңиз да болот.

 

 

 

Китеп:

Айрым мырзалар көп учурда бош убактысында китеп окууну жактырышат. Мындай илим-билимге умтулган мырзалар үчүн, китеп бул-эң жакшы белек эмеспи. Китепти белекке берүү менен, сиз дагы билимден алыс эмес экениңизди билдиресиз. Мырзаларды кандай китептер кызыктырарын дагы сөзсүз эске алыңыз!

Галстук жана кур:

Көп учурда пайдасы тие турган нерселер. Кичинекей болсодагы оригиналдуу белек мырзаныздын маанайын көтөрүнүз. Бул белек баналдуу болгону менен мырзалардын жашоосуна эң керектүү буюмдардын катарын толуктайт.

Майрамыңыздар менен Урматтуу мекен сакчылары!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

921