Чүй облусунда Казакстандан Кыргызстанга контрабандалык күйүчү май ташыган, кошумча бактар менен жабдылган 36 автоунаа аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Алардын ичинен 29 жеңил автоунаалар, көбүнчөсү жолтандабастар.
Бүгүн, ИИМдин ЖКККББна кошумча күйүүчү май бактары орнотулган 7 жүргүнчү автобустары алып келинген. Алар дизелдик кыймылдаткычтар менен жабдылган, бирок май куючу бактарында бензин табылган. Жалпысынан 23 тонна аткезчилик күйүүчү май аныкталган.
Автобустарда контрабандалык күйүүчү майларды ташууга мүмкүндүк берүүчү автономдук өчүргүчтөр орнотулган.
Учурда автоунаалар убактылуу токтотуучу айып кароо жайына токтотулуп, 5500 сом өлчөмүндөгү айып салынды. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.